Абылгазиев: «Кварц компани» компаниясын толук иштетүү керек

Абылгазиев: «Кварц компани» компаниясын толук иштетүү керек
6-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 12:21

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 4-августта Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Таш-Көмүр шаарындагы кремнийди кайра иштетүүчү «Кварц компани» компаниясынын ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 5 миң тонна даяр продукцияны түзөт. Учурда заводдун курулушу финансы каражаттарынын жетишсиздигине байланыштуу 75% гана аяктаган. Ишкананы толук ишке киргизүү үчүн 1,5 млн АКШ доллары зарыл.

Өкмөт башчы ишканага насыялык жардам көрсөтүүгө Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.

«Мен бул маселе боюнча тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүүгө даярмын. Жакын арада толук кубаттуулукта ишке кирүү үчүн ишканага аракеттешүү зарыл», – деп баса белгиледи Абылгазиев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!