Евгений Ваккер Азия оюндарына катышат

Евгений Ваккер Азия оюндарына катышат
6-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 14:10

Кыргызстандык веложарышчы Евгений Ваккер Индонезияда өтүүчү Жайкы Азия оюндарына катышат. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта Кыргыз Республикасынын велоспорт боюнча федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Евгений Ваккер мелдешке даярдануу үчүн 4-17-август аралыгында Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүп жатат.

Белгилей кетсек, Ваккер 43 чакырым аралыкка жана 145 чакырымга жарышат. Ал Азия чемпиондугунун 4 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медалынын ээси, Азия оюндарынын 6 жолку медалчысы, трек боюнча Азия кубогунун ээси жана Олимпиада оюндарынын 3 жолку катышуучусу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!