Жээнбеков өкмөт башчы менен эмнени талкуулады?

Жээнбеков өкмөт башчы менен эмнени талкуулады?
6-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 15:37

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-августта өлкөнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

КР Өкмөтү тарабынан өлкөдөгү экономикалык өсүштү камсыздоо жана жарандардын турмушун жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Президент Өкмөттүн аймактарды өнүктүрүү боюнча ишмердигин күчөтүү зарылдыгына басым жасады.

Мамлекет башчысы ошондой эле жакын арада Кыргызстандын туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынынын кароосуна алынып чыкчу Кыргызстандын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын ишке ашырылышына өзгөчө көңүл бурду.

Мындан тышкары ал премьер-министрге Өкмөттүн жаңы демилгелери боюнча алдын-ала түшүндүрүү иштерин активдештирүүнү сунуш кылды.

«Жаңы демилгелер дайым алдын ала түшүндүрүү иштерин талап кылат, анткени жарандар аларды киргизүүнүн зарылдыгы эмнеде экенинен толугу менен кабардар болушу керек», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн кышка даярдыгы, күзгү талаа жумуштарын өткөрүү, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди куруу жана оңдоп-түзөө, «Коопсуз шаар», «Түндүк» системасынын негизинде электрондук башкаруу долбоорлору жана «Таза коом» санарип трансформация Программасын ишке ашыруу боюнча аткарылып жаткан жумуштар тууралуу айтып берди.

Абылгазиевдин маалыматына ылайык, ведомство аралык жумушчу топ аркылуу «Коопсуз шаар» долбооруна карата технико-экономикалык негиздеменин жана техникалык тапшырманын долбоорлору иштелип чыкты. Анын алкагында республиканын 38 кесилиш жолдору, 52 стационардык чектери эрежени бузгандарды каттаган камералар менен жабдылып, 20 мобилдик аппараттык жана программалык камсыздоо системалары менен камсыздалат.

Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети 20-июлда бул долбоорду ишке ашырууга катышууну каалаган компаниялар арасында конкурс жарыялады, анын жыйынтыгы менен баштала турган мөөнөтү аныкталат.

«Таза Коом» санариптик трансформациясы Программасын ишке ашыруу боюнча айтып жатып, Премьер-министр Өкмөткө караштуу электрондук башкаруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш Программанын алкагында ишке ашырыла турган артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесин бекиткенин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө „Жергиликтүү өзүн-өзү башкарууга маалыматтык киоск“, „Бала бакчаларга Е-кезекке туруу“, „Гибриддик почта“ сыяктуу 7 долбоор ишке ашырылды. 10 долбоор ишке ашырылууда, дагы 16 долбоор пландаштырылган», — деп маалымдады Абылгазиев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
 Кадамжайда жайгашкан “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
Кадамжайда жайгашкан “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
Учак убактысынан 48 мүнөт мурда конду
Учак убактысынан 48 мүнөт мурда конду
«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында айыппулдар кантип бөлүнөт?
«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында айыппулдар кантип бөлүнөт?
Футболчу кайрадан кокаин менен кармалды
Футболчу кайрадан кокаин менен кармалды
​21-февраль: доллардын наркы төмөндөдү
​21-февраль: доллардын наркы төмөндөдү
“Тил – улут сыймыгы” аттуу көргөзмө өткөрүлөт
“Тил – улут сыймыгы” аттуу көргөзмө өткөрүлөт
17 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдөн секирди (видео)
17 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдөн секирди (видео)
Кувейтте кыргыз маданиятына арналган концерт өтөт
Кувейтте кыргыз маданиятына арналган концерт өтөт
Жанар Акаев менен Садык Шер–Нияз айтыша кетти (видео)
Жанар Акаев менен Садык Шер–Нияз айтыша кетти (видео)
Элдик курултайларды ишке ашыруу максатында жумушчу топ түзүлдү
Элдик курултайларды ишке ашыруу максатында жумушчу топ түзүлдү
Путинден АКШга эскертүү: Башка жерлерди бутага алабыз
Путинден АКШга эскертүү: Башка жерлерди бутага алабыз
АКШ космостон коргонот
АКШ космостон коргонот
Министр Жунушалиев Стамбул шаарында өтүп жаткан конференцияга катышууда
Министр Жунушалиев Стамбул шаарында өтүп жаткан конференцияга катышууда
​21-февраль: тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн
​21-февраль: тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн
Жээнбеков:
Жээнбеков: "Республикалык көчмөндөр оюндары жыл сайын өткөрүлөт"
Айжамал Кабылова кимге нааразы болду?
Айжамал Кабылова кимге нааразы болду?