Аламүдүн РИИБге жаңы башчы келди. Ал ким?

Аламүдүн РИИБге жаңы башчы келди. Ал ким?
6-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 16:14

Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп Талантбек Асаналиев дайындалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй ОИИББнин башчысы Самат Курманкулов Аламүдүн РИИБнин курамына жаңы жетекчи –Талантбек Асаналиевди тааныштырган.

Полковник Талантбек Асаналиев 1975-жылы туулган. Жогорку билимдүү, ИИМдин академиясын аяктаган. 1993-жылдан бери укук коргоо органдарында иштеп келет. Асаналиевдин алгачкы кызматы Октябрь РИИБнын 8-шаардык милиция бөлүмүндө ыкчам кызматынан башталган. 2018-жылдын июнь айынан тарта криминалдык милиция кызматынын 2- башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенип келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!