Калктын электрге карызы 53,6 миллион сом

Калктын электрге карызы 53,6 миллион сом
6-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 16:55

Бишкек шаарында 1-августка карата калктын электр энергиясына болгон карызы 53,6 миллион сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта "Түндүкэлектр" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-августка пландалган дистанциялык электр энергиясын өчүрүүлөргө байланыштуу акционердик коом карызы барларды андан кутулууга чакырат.

Шаар тургундары карыздарын “Мобильник”, “QIWI”, “Quickpay”, “UMAI” төлөө терминалдарынан, ошондой эле "UMAI", “Мобильник” электрондук капчыктары аркылуу, “Айыл банктын” кассаларынан төлөсө болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!