Өрттү өчүрүүгө кошумча 50 кызматкер тартылды

Өрттү өчүрүүгө кошумча 50 кызматкер тартылды
7-Авг. 2018, Шейшемби, 10:17

Манас районундагы Кара-Арча токоюнда чыккан өрт 3 күндөн бери толук өчүрүлө элек. Учурда Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Чүй жана Токтогул токой чарбаларынан 50 кызматкер тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Бакай-Атанын токой чарбаларынын, Кара-Бууранын мамлекеттик жаратылыш паркынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, чек ара кызматынын жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлеринин жасаган иш-аракеттеринен улам өрт бир нече жолу өчүрүлгөн.

Бирок, 5-августта саат 17:00 чамасында Манас районунун токой чарбасынын Кара-Арча токоюнда өрт чыккан. Аны бүгүнкү күнгө чейин өчүрө албай жатышат.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов баштаган ыкчам-мобилдик өрт өчүрүү топтору Таласка барып, керектүү каражаттары менен өрттү өчүрүүгө жардам көрсөтүшүүдө.

Учурда өрттү өчүрүүгө 350 адам тартылган. Тилекке каршы өрттү толугу менен өчүрүү атайын өрт өчүрүү техникасы жок мүмкүн болбой жатат.

Тилсиз жоо башталгандан бери Алмалуу тоосундагы 10 гектар жайлоо жана Манас токой чарбасынын 20 гектар жайыт жери күйүп кеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!