Суу сактагычтан 13 жашар өспүрүмдүн сөөгү табылды

Суу сактагычтан 13 жашар өспүрүмдүн сөөгү табылды
7-Авг. 2018, Шейшемби, 10:32

Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кеткен 13 жашар өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кечээ, 6-август күнү издөө иштери улантылып, саат 15:25 чамасында маркумдун жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!