Токтогул ГЭСинде эч кандай авария болгон жок

Токтогул ГЭСинде эч кандай авария болгон жок
7-Авг. 2018, Шейшемби, 11:02

Токтогул ГЭСинде эч кандай авария болгон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Токтогул ГЭСиндеги №1 трансформатору 15-июлдан баштап тесттик режимде болуп, эксплуатацияга бериле элек.

"Тесттик режим убагында жабдуу толук эксплуатацияга берилгенге чейин мүчүлүштүктөрдү жоюу иштери жүрөт. Текшерүүдө 15,75 киловатт кубаттуулукту 500 киловаттка айландырган трансформатордо кемчиликтер бар экени аныкталган. Азыркы учурда энергетиктер кыш мезгилине даярдык көрүү максатында иштеп жатышат. Айрым эксперттер туура эмес маалыматтары менен коомчулукту адаштырып жатат", - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, айрым маалымат каражаттары Токтогул ГЭСиндеги блоктук трансформатордо 5-августта ири авария катталгандыгын жазып чыккан. Андан мурдараак эле өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиев 4-августта Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСиндеги модернизация менен таанышып келген.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!