Юстиция министри кызматынан бошотулду

Юстиция министри кызматынан бошотулду
7-Авг. 2018, Шейшемби, 12:32

Айнур Абдылдаева Юстиция министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыктын негизинде Юстиция министри Абдылдаева Айнур Нуралиевна ээлеген кызматынан бошотулган.

Маалыматтар боюнча, ал башка кызматка которулгандыгына байланыштуу учурдагы кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган.

Эскерте кетсек, Айнур Абдылдаева үстүбүздөгү жылдын 13-апрелинде Юстиция министри болуп дайындалган. Ага чейин аталган министрликтин статс-катчысы болуп иштеген.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!