Жээнбеков спортчулар менен жолугушту

Жээнбеков спортчулар менен жолугушту
7-Авг. 2018, Шейшемби, 13:05

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-августта Индонезияда өтүүчү XVIII Азия оюндарына катышуучу Кыргызстандын спорттук делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчысы Индонезияда өтүүчү Азия оюндарына намыс талашканы бараткан өлкөнүн эң мыкты спортчулары менен жолугуп жатканына кубанып турганын билдирди.

«Бүткүл дүйнөлүк олимпиада оюндарынан кийинки чоң мелдеш аталган оюндарга жолдомо жеңип алуу эң мыктылардын гана колунан келет. Азия континентиндеги миллиондогон спортчулардын арасынан ушул чоң мелдешке жолдомо алганыңардын өзү чоң жетишкендик. Силер бул ийгиликке ак эмгегиңер, маӊдай териӊер, чыдамкайлыгыӊар менен жетиштиңер. Кыргыз мамлекетинин желегин желбиретип чемпиондук наамга ээ болсоңор силердин жеңишиңер бүт Кыргызстан эли үчүн чоң жеңиш болот», — деп белгиледи Жээнбеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!