Жээнбеков: "Татыктуу атаандаштык көрсөткүлө!"

Жээнбеков:
7-Авг. 2018, Шейшемби, 13:32

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-августта Индонезияда өтүүчү XVIII Азия оюндарына катышууга бара турган кыргызстандык спортчулар менен жолугуп, аларга ийгилик каалады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Президент алдыда боло турган Азия оюндарынын катышуучуларын өлкөнүн эң кайраттуу, намыстуу, мекенчил, эр жүрөк улан-кыздары деп эсептээрин белгиледи.

«Бардык эле кыргызстандыктар сыяктуу мен да силер менен, силердин спорттук ийгилигиңер менен сыймыктангым келет. Мен силердин күйөрманыӊар болом. Ар бириңер медаль тагынып, чемпион болуп, Мекениңерге кайтып келишиңерди каалайм. Тайманбай күрөшкө түшүп, жеңишке жетишүү биринчи кезекте спортчунун духуна, демине байланыштуу болот. Айкөл Манас атабыздын кудуреттүү деми, күч-кайраты силердин ар бириңерде бар. Мен силерге ишенем, силерден үмүттөнөм», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

«Татыктуу атаандаштык көрсөткүлө. Ар бир беттешиңер дүйнө элинин эсинде калсын. Силердин чебер аткарган ыкмаңар, чабуулуңар бүт дүйнө жүзүнө таркап, биз бул жакта жүрөк толкуп, маңдай жарыла кубангандай бололу», — деп белгиледи Жээнбеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!