Алмалуудагы өрттү өчүрүүгө 496 адам тартылды (фото)

Алмалуудагы  өрттү өчүрүүгө 496 адам тартылды (фото)
7-Авг. 2018, Шейшемби, 14:10

Алмалуу жайлоосунундагы өрт эки тараптан өчүрүү аракети көрүлүп, 496 адам тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат катары айта кетсек, 2018-жылдын 7-август күнү Талас облусунун Манас районундагы Жайылган айылынын Алмалуу жайлоосунун тоо этектеринен (Казакстан менен чектешкен аймак) өрт чыккан. Өрттү өчүрүү иш-чараларына жалпы 496 адам тартылды. Алардын ичинде жергиликтүү тургундар, РИИБ, токой чарба агенттигинин кызматкерлери да бар.

Мындан сырткары Казакстандын аймагындагы өрттү өчүрүү үчүн жалпы 148 адам (Жамбыл облустук ӨК департаментинен 77, токой чарбасынан 71 адам) жана 1 тик учак тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!