Кыргызстандын туусун Оңолбек Каныбек улуу көтөрүп чыгат

Кыргызстандын туусун Оңолбек Каныбек улуу көтөрүп чыгат
7-Авг. 2018, Шейшемби, 14:52

Индонезияда өтүүчү XVIII Азия оюндарынын ачылышында Кыргызстандын туусун волейбол боюнча Кыргыз курамасынын капитаны Оңолбек Каныбек улуу көтөрүп чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта президент Сооронбай Жээнбеков аталган мелдешке бара турган кыргызстандык спортчулар менен болгон жолугушуусунан кийин белгилүү болгонун президенттик аппараттан билдиришти.

Президент Эл аралык спорттук мелдешке татыктуу спортсмендерди тарбиялоого көп күч-аракет жумшаган машыктыруучу-устаттарга ыраазычылык билдирди.

«Ар бириңиздердин мээнетиңиздерди баалап, барктап алууга даярбыз. Мына бул силерге тапшыра турган өлкө Туусу мекендин деми, элдин руху, туулган жердин абасы-суусу. Ата-бабалардын мурасы болгон Кыргызстандын Кызыл Туусун бийик көтөргүлө!», — деп белгилеп, Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тууну Кыргыз Республикасынын спорттук делегациясынын улуттук курама командаларынын капитаны Каныбек Жолчубековго тапшырды.

Каныбек Жолчубеков спортсмендердин атынан Мамлекет башчысына улуттук курама команданын футболкасы — символикалуу белекти тапшырды.


Кыргызстандын спортсмендерин XVIII Азия оюндарына узатуу аземинин соңунда спортчулар Президент менен эстеликке сүрөткө түшүштү.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
ИИМ: митингге катышкан 21 жаран милицияга жеткирилди
ИИМ: митингге катышкан 21 жаран милицияга жеткирилди
Brexit боюнча 5 суроо: Эми эмне болот?
Brexit боюнча 5 суроо: Эми эмне болот?
Момбеков: Эл буларга түкүрүп жатса, булар бизге түкүрүп салды (видео)
Момбеков: Эл буларга түкүрүп жатса, булар бизге түкүрүп салды (видео)
Разаков: “Жаӊы 5 кодекс жана 2 мыйзам ишке киргизилди
Разаков: “Жаӊы 5 кодекс жана 2 мыйзам ишке киргизилди"
Учкуч учакка терезеси аркылуу кирүүгө аракеттенди (видео)
Учкуч учакка терезеси аркылуу кирүүгө аракеттенди (видео)
 Кан басымыңыз көтөрүлсө
Кан басымыңыз көтөрүлсө
​Инстаграмдагы эң атактуу мушкер ким: Хабиб же Конорбу?
​Инстаграмдагы эң атактуу мушкер ким: Хабиб же Конорбу?
“Коопсуз шаар” боюнча орнотулган камералардын баасы 30 миң долларбы? (видео)
“Коопсуз шаар” боюнча орнотулган камералардын баасы 30 миң долларбы? (видео)
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Депутат:
Депутат:"Калктан электрдин акысын мыйзамсыз алуу жосуну уланууда"
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Эркектер менен аялдардын психологиясы
Эркектер менен аялдардын психологиясы
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
Шайназаров:
Шайназаров:"Айдарбеков туристке айланып калды, барбаган өлкөсү калган жок"
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди