Маянасы албай калгандардын акчасы өндүрүлдү

Маянасы албай калгандардын акчасы өндүрүлдү
7-Авг. 2018, Шейшемби, 15:25

Россияда иштеп эмгек маянасын ала албай жаткан кыргызстандык мигранттардын 36 млн 754 миң рубль акчасы өндүрүлүп берилди. Бул тууралуу 6-августта Мамлекеттик миграция кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын акыркы алты айында Россияда иштеген 433 кыргызстандык эмгек маянасын ала албай жатканын айтып, бийликке арыз менен кайрылган.

Иш берген тарап айлыгын жөн жерден эле төлөбөй койгон учур боюнча Орусиянын Тергөө комитетинин башкармалыгына 243 арыз жиберилген. Жыйынтыгында көп суммадагы акчаны төлөбөй жүргөн фактылар боюнча кылмыш иштери козголгон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!