​8-август: өткүн өтүп, күн күркүрөйт

​8-август: өткүн өтүп, күн күркүрөйт
7-Авг. 2018, Шейшемби, 16:35

8-августта тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+37,

Талас жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +30…+35,

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37,

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,

Нарын дубанында түнкүсүн +9…+14, күндүз +28…+23 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +21…+23, күндүз +35…+37 градус ысык болот.

Ал эми 9-августта жана 10-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!