Дарыгерлер Текебаевдин диагнозун жарыялады

Дарыгерлер Текебаевдин диагнозун жарыялады
7-Авг. 2018, Шейшемби, 19:15

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгына байланыштуу дарыгерлер койгон диагноз расмий жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саясатчы күрөө тамырдын, жүрөк тамырларынын атеросклерозу, карын үстүндөгү экстрасистоликалык аритмия, 2-даражадагы кооптуулугу жогору гипертония, түйүндүк богок, эутериоз менен жабыркаганы аныкталды.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев №47 абактан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна 31-июлда которулганын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бүгүн, 1-августта кабарлаган.

Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу коррупция боюнча айыпталып, былтыр февраль айында камалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!