Актёр Турсун Уралиев көз жумду

 Актёр Турсун Уралиев көз жумду
8-Авг. 2018, Шаршемби, 10:10

Театр жана кино актеру, тунгуч радио режиссеру, Кыргыз Республикасынын эл артисти Турсун Уралиев 85 жаш курагында оорудан улам дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги “ZAMAN Кыргызстан” маалымат агентигине билдиришти.

Турсун Уралиев 1933-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кара-Жал айылында жарык дүйнөгө келген. 1957-жылы Ташкенттеги Н. Островский атындагы театралдык институтту ийгиликтүү аяктап, эмгек жолун Кыргыз Мамлекеттик драма теарында актер болуп иштөөдөн баштаган.

Турсун Уралиев 1993-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамын алгачкылардан болуп алып, 2001-жылы «Данк» медалы менен сыйланган.

Ал "Манас" эпосун сактап жайылтууга эбегейсиз салым кошуп, анын миллиондогон саптарын атактуу манасчынын аткаруусунда жазып, ысмын түбөлүккө калтырды. Ошондой эле кыргыз жазуучулары Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Касымалы Жантошев, Чынгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков жана башка белгилүү инсандардын чыгармаларын кыргыз радиосу аркылуу чагылдырууда баа жеткис чоң иш жасады.

Айта кетсек, маркум менен коштошуу аземи бүгүн 8-августта Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациянын алдында өтөт.

"ZAMAN Кыргызстан" маалымат агенттиги Турсун агабыздын үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!