Мурат Мукамбетов өз каалоосу менен бошотулду

Мурат Мукамбетов өз каалоосу менен бошотулду
8-Авг. 2018, Шаршемби, 10:37

Мурат Мукамбетов Өкмөтүнүн аппаратынын жетекчиси-министр кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Мукамбетов Мурат Картайбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын жетекчиси-министр кызматынан өз каалоосу менен бошотулган.

Ал өкмөт аппаратынын жетекчилигине ушул жылдын 13-апрелинде дайындалган эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!