Шаххан Мырзабеков
8-Авг. 2018, Шаршемби, 11:29
Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамына өзгөртүү киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта президенттик аппараттан билдиришти.
Мамлекет башчысынын жарлыгына ылайык Шыкмаматов Алмамбет Насырканович - Жогорку Кенештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин курамына киргизилди.
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин учурдагы курамы:
- Сооронбай Жээнбеков - президент, улуттук кеңештин төрагасы;
- Дастанбек Жумабеков - Жогорку Кеңештин төрагасы;
- Мухаммедкалый Абылгазиев - премьер-министр;
- Айнаш Токбаева - Жогорку Соттун төрайымы;
- Иса Өмүркулов - КСДП фракциясынын лидери;
- Алмазбек Баатырбеков - "Кыргызстан" фракциясынын лидери;
- Жыргалбек Турускулов - "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери;
- Бакыт Төрөбаев - "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери;
- Алтынбек Сулайманов - "Бир бол" фракциясынын лидери;
- Дамир Сагынбаев - Коопсуздук кеңешинин катчысы;
- Өткүрбек Жамшитов - Башкы прокурор;
- Нуржан Шайлдабекова - Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы;
- Толкунбек Абдыгулов - Улуттук банктын төрагасы;
- Улукбек Марипов - Эсептөө палатасынын төрагасы;
- Олег Панкратов - Экономика министри;
- Адылбек Касымалиев - Каржы министри;
- Нурсулуу Ахметова - президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы;
- Азамат Дикамбаев - Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору;
- Светлана Борцова - "ЭкоПартнер" консалтингдик юридикалык компаниясынын башкы директору;
- Айнура Усупбекова - "Жарандык Платформа" коомдук фондунун директору;
- Азиза Юлдашева - "Жер Азыгы" Кыргыз мамлекетинин агробизнесмендеринин ассоциациясынын аткаруучу директору;
- Таалайбек Койчуманов - өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы;
- Улук Кыдырбаев - Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы;
- Надежда Добрецова - Өнүгүү саясаты институтунун башкармасынын төрагасы.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!