Азиз Суракматов мэр болуп шайланды

Азиз Суракматов мэр болуп шайланды
8-Авг. 2018, Шаршемби, 12:17

Бүгүн, 8-августта Бишкек шаарынын мэрлик кызматына Азиз Суракматов шайланды. Кезексиз жыйынга чогулган шаардык кеңештеги 44 депутаттын 43ү Суракматовдун талапкерлигин колдосо, бир гана депутат каршы добуш берди.

Эл өкүлдөрү талапкер Суракматовдун программасын укпай эле добуш берүү процессине кирүүгө өтүштү. Алар буга чейин фракция депутаттары менен жолугуп, өзүнүн программасы менен тааныштырганын жүйөө келтиришти.

Өз кезегинде көпчүлүк депуттардын колдоосуна ээ болгон Суракматов ишеним көрсөткөндүгү ыраазычылык билдирип, шаардын өнүгүшүнө бардык күчүн жумшай турганын айтты.

Шайлоо учурунда мэриянын алдына Мавлян Аскарбеков, Адиль Турдукулов, Канышай Мамыркулова, Калича Умуралиева баштаган бир катар жарандык активисттер Суракматовдун талапкерлигине нааразычылыгын билдирип, Шаардык Кеңештин депутаттарын тарап кетишин талап кылышты.


47 жаштагы Азиз Суракматов инженер-куруучу жана юрист адистиги боюнча билим бар. Ал “БишкекБашкыАрхитектурада” инженердик кызматтан баштап, 2008-2010- жылдары Шаардык Кеңештин төрагасы, Ал эми 2015-жылдан тарта Жогорку Кеңештин креслосунан орун алып, “Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!