Куткаруучулар сууга аккан адамды куткарышты (фото)

Куткаруучулар сууга аккан адамды куткарышты (фото)
8-Авг. 2018, Шаршемби, 13:26

Өзгөчө кырдаалдар министринин куткаруу тобу сууга агып кеткен адамды куткарып калышты. Бул тууралуу аталаган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда 6-август күнү түнкү саат 22:00 чамасында Чүй районундагы Алга айылында 53 жаштагы Калыбек Токболотов каналдан өтөм деп, жыгылып сууга түшүп кеткен. Токмок шаары боюнча өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн байланыш түйүнүнө саат 22:21 чамасында Мээнеткеч айылынан өткөн каналда адам сууга агып бараткандыгы жөнүндө маалымат түшкөн.

Токмок шаары боюнча өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнүн кароол башчысы капитан Жолдошбек уулу Б. жетектеген куткаруучулар тобу саат 22:35те кырсык болгон жерге жетип барышып, каналды жээктеп издөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада бир чакырым алыстыктан таап, Жолдошбек уулу Б. суучул улук сержант Р. Кылычев суудан алып чыгышкан. Суудан алып чыккандан кийин денесиндеги жаракаттарына биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, медициналык тез жардам кызматына тапшырып беришкен.

Жабырлануучу Чүй райондук ооруканасынын хирургия дарыланууда. Учурда абалы туруктуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!