Президент: "Эл-журттун ырыскысын уурдагандар жооп берет"

Президент:
8-Авг. 2018, Шаршемби, 13:41

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» комплексинде өтүп жаткан «Мекендештер» форумуна катышып жатып коом тарыхый баалуулуктарды сактап, жетим-жесирге, кары-картаӊга кайрымдуу болушу абзелдигин өзгөчө белгиледи. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

"Биздин коомдо кароосуз калган карыя, таштанды болгон наристе болбош керек. Өткөн тарыхыбыздын, ата-бабаларыбыздын алдындагы жоопкерчилигибиз дайыма эсибизде болууга тийиш. Региондорду өнүктүрүү - бул социалдык объектилерди жана жолдорду куруу гана эмес, руханий жактан өнүгүү",-деп белгиледи Жээнбеков.

Мамлекет башчысы башкы чогуу аткарчу милдеттер жумуш орундары арбын түзүлүп, жумушсуздуктун жоюлушун камсыз кылуу, чет элде жүргөн мекендештерди колдоо, алардын мүмкүнчүлүктөрүн мамлекеттин өнүгүүсүнө багыттоо экенин белгиледи.

Бул максатта коррупция менен болгон күрөш, ар кандай схемаларды жоюу, салык жана бажы чөйрөсүндө ачык-айкындыкты, адилет мамилелерди орнотуу иштери жүрүп жатат.

Товарды экспортко чыгарууну колдоо, бизнестин көлөмдүү рынокторго жетүүсүнө көмөк көрсөтүү үчүн мамлекет тарабынан тийиштүү аракеттер аткарылууда. ЕврАзЭСке мүчөлүктү, Европанын ВСП+ артыкчылыгын активдүү пайдалануу үчүн зарыл кадамдар жасалууда.

"Кайсы жерде жүрсөк дагы адамдык абийир менен улуттук ар-намысты ыйык тутуп, мекенчилдик позициябызды бекем карманышыбыз парз. Мунун зарылдыгын ушул сыртта жүргөн кыргызстандыктардын мисалында эле түшүндүрүп берейин. Абийир менен ар намыска ар кандай мамиле кылган адамдардын эки чоӊ тобу бар десек болот. Биринчиси, Кыргызстанды тоноп, элдин энчин соруп, мекендин байлыгын алып чыгып кеткендер. Эл-журттун ырыскысын уурдагандарга мамлекеттин укуругу узун, эртеби-кечпи жооп берчү күн келет",-деп белгиледи президент.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!