Айтматов проспектисинин бир бѳлүгү унаа кыймылына жабылат

Айтматов проспектисинин бир бѳлүгү унаа кыймылына жабылат
9-Авг. 2018, Бейшемби, 09:33

8-августтан тартып Айтматов проспектисинин Ахунбаев кѳчѳсүнѳн Горький кѳчѳсүнѳ чейинки бѳлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы билдирди.

Жол оңдоо иштери "Бишкек шаарынын унаа жолдорунун жол катмарын калыбына келтирүү" долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө. Унаа кыймылынын жүрүүсү чыгыш тарапка Токтоналиев ал эми батыш тарапка Жунусалиев жана Бакаев көчөлөрү аркылуу жүргүзүлөт. Оңдоо иштери ушул жылдын 28-августуна чейин уланат.

Мэрия ошондой эле Эркиндик бульварынын эки тарабы тең Абдымомунов кѳчѳсүнѳн Фрунзе кѳчѳсүнѳ чейинки бѳлүгү да 26-августка чейин жабыларын эскертип, шаар тургундарына ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт. Айдоочулардан алдын ала альтернативдик жолду тандап алууларын өтүнөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!