Улан Эгизбаевдин жакындарына каражат топтоо жыйынтыкталды

Улан Эгизбаевдин жакындарына каражат топтоо жыйынтыкталды
9-Авг. 2018, Бейшемби, 11:03

Маркум журналист Улан Эгизбаевдин жакындарына колдоо көрсөтүү максатында чогулган каражаттын суммасы 8 000 доллардан ашты. Бул тууралуу “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фонду билдирди.

Анда айтылгандай, Орусиядагы мекендештерден 5000 рубль, Кыргызстандын ичинде 47 миң 070 сом, Европадагы мекендештерден 175 евро, ал эми чет мамлекеттеги кыргыз жарандарынан 7 миң 700 АКШ доллары топтолгон.

Иликтөөчү журналист Улан Эгизбаев "Элим барсынбы?" кайрымдуулук фондунун байкоочу кеңешинин мүчөсү болгон. Журналисттин өлүмүнөн кийин анын жакындарына жардам топтоо максатында акциясы уюштурулган.

Эскерте кетсек, “Азаттык” үналгысынын кабарчысы Улан Эгизбаев коомчулукта резонанс жараткан иликтөөлөрү менен белгилүү. Ал болгону 28 жашында жарык дүйнө менен коштошту. Артында ата-энеси, кош бойлуу жубайы калды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!