Аскер кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулады

Аскер кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулады
9-Авг. 2018, Бейшемби, 11:51

Келишимдик кызматтагы аскер кызматкерлеринин эмгек акысы 30 пайызга көтөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн тиешелүү токтомуна пемьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Белгиленген чечим аркылуу келишимдик кызматтагы аскер кызматкерлеринин (катардагы, сержанттык жана улук курамдын) айлык маянасы пайыздык катышта 30 пайызга көтөрүлгөн.

Бул чечим аскер кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык жактан коргоо деңгээлин жана аскер кызматынын аброюн жогорулатуу максаттарында кабыл алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!