Иштебеген адам үчүн 644 миң сом айлык берилген

Иштебеген адам үчүн 644 миң сом айлык берилген
10-Авг. 2018, Жума, 16:06

Араван районунда иштебеген адам үчүн мыйзамсыз айлык жазып, акчаны өздөрүнө алып тургандарга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 9-августта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Араван райондук Кадр жана кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо департаментинин жооптуу кызматкерлери 2015-2018-жылдар аралыгында иштебеген адам үчүн мыйзамсыз айлык акы жазып турушкан. Жыйынтыгында мамлекетке 644 миң 167 сом зыян келтирилген.

Андан тышкары аталган райондогу мамлекеттик каттоо кызматынын башкармалыгы жана Анаров айыл өкмөтүндөгү жооптуу кызматкерлер Кайрагач-Арык айылындагы жер тилкеси убактылуу ижарага берилгенине карабай аны менчикке өткөрүп жиберишкен. Бул фактылар боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Жер мыйзамын бузуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда жогорудагы фактылар боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
 Кадамжайда жайгашкан “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
Кадамжайда жайгашкан “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
Учак убактысынан 48 мүнөт мурда конду
Учак убактысынан 48 мүнөт мурда конду
«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында айыппулдар кантип бөлүнөт?
«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында айыппулдар кантип бөлүнөт?
Футболчу кайрадан кокаин менен кармалды
Футболчу кайрадан кокаин менен кармалды
​21-февраль: доллардын наркы төмөндөдү
​21-февраль: доллардын наркы төмөндөдү
“Тил – улут сыймыгы” аттуу көргөзмө өткөрүлөт
“Тил – улут сыймыгы” аттуу көргөзмө өткөрүлөт
17 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдөн секирди (видео)
17 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдөн секирди (видео)
Кувейтте кыргыз маданиятына арналган концерт өтөт
Кувейтте кыргыз маданиятына арналган концерт өтөт
Жанар Акаев менен Садык Шер–Нияз айтыша кетти (видео)
Жанар Акаев менен Садык Шер–Нияз айтыша кетти (видео)
Элдик курултайларды ишке ашыруу максатында жумушчу топ түзүлдү
Элдик курултайларды ишке ашыруу максатында жумушчу топ түзүлдү
Путинден АКШга эскертүү: Башка жерлерди бутага алабыз
Путинден АКШга эскертүү: Башка жерлерди бутага алабыз
АКШ космостон коргонот
АКШ космостон коргонот
Министр Жунушалиев Стамбул шаарында өтүп жаткан конференцияга катышууда
Министр Жунушалиев Стамбул шаарында өтүп жаткан конференцияга катышууда
​21-февраль: тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн
​21-февраль: тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн
Жээнбеков:
Жээнбеков: "Республикалык көчмөндөр оюндары жыл сайын өткөрүлөт"
Айжамал Кабылова кимге нааразы болду?
Айжамал Кабылова кимге нааразы болду?