Курман айт 21-августта белгиленет

Курман айт 21-августта белгиленет
13-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 09:37

Кыргызстанда мусулмандардын Курман айт майрамы 21-августта белгиленет. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

"12-август Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан кыргызстандыктар Курман айт майрамын 21-августта белгилешет. Ал эми 20-август арапа күнү болуп, ажылык милдеттерин өтөп жүргөн мекендештерибиз бул күнү ыйык Мекке шаарындагы Арафат өрөөндө болушмакчы", - деп жазылган муфтият тараткан маалыматта.

Курман айт – мусулман коомчулугунун ири майрамы болуп саналат. Аны белгилөө күнү Айдын чыгышына карап аныкталат.

Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5 миң 400 квота бөлгөн. Алгачкы топ 25-июлда кеткен.

Кыргызстанда калктын 80 пайыздан көбүн мусулмандар түзөт.

Куттуу Курман айт майрамын Алла Таалам бизге жана жалпы адамзат үчүн куттуу, берекелүү кылсып, Жаратканыбыз ушул улуу күндөрдө көптөгөн ибадаттарды насип кылсын. Жасаган ар бир жакшылыктарыбызды кабыл кылсын. Өлкөбүзгө тынчтык, ынтымак менен бактылуулукту жана бейпил жашоону насип кылсын.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
 Кадамжайда жайгашкан “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
Кадамжайда жайгашкан “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
Учак убактысынан 48 мүнөт мурда конду
Учак убактысынан 48 мүнөт мурда конду
«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында айыппулдар кантип бөлүнөт?
«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында айыппулдар кантип бөлүнөт?
Футболчу кайрадан кокаин менен кармалды
Футболчу кайрадан кокаин менен кармалды
​21-февраль: доллардын наркы төмөндөдү
​21-февраль: доллардын наркы төмөндөдү
“Тил – улут сыймыгы” аттуу көргөзмө өткөрүлөт
“Тил – улут сыймыгы” аттуу көргөзмө өткөрүлөт
17 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдөн секирди (видео)
17 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдөн секирди (видео)
Кувейтте кыргыз маданиятына арналган концерт өтөт
Кувейтте кыргыз маданиятына арналган концерт өтөт
Жанар Акаев менен Садык Шер–Нияз айтыша кетти (видео)
Жанар Акаев менен Садык Шер–Нияз айтыша кетти (видео)
Элдик курултайларды ишке ашыруу максатында жумушчу топ түзүлдү
Элдик курултайларды ишке ашыруу максатында жумушчу топ түзүлдү
Путинден АКШга эскертүү: Башка жерлерди бутага алабыз
Путинден АКШга эскертүү: Башка жерлерди бутага алабыз
АКШ космостон коргонот
АКШ космостон коргонот
Министр Жунушалиев Стамбул шаарында өтүп жаткан конференцияга катышууда
Министр Жунушалиев Стамбул шаарында өтүп жаткан конференцияга катышууда
​21-февраль: тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн
​21-февраль: тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн
Жээнбеков:
Жээнбеков: "Республикалык көчмөндөр оюндары жыл сайын өткөрүлөт"
Айжамал Кабылова кимге нааразы болду?
Айжамал Кабылова кимге нааразы болду?