Улуттук кеңештин жыйыны болот

 Улуттук кеңештин жыйыны болот
13-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 10:17

Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында бүгүн, 13-августта Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйыны өткөрүлөт. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

2018-2040-жылдары Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Стратегиясынын долбоору каралат. Ошондой эле 2018-2020-жылдары Кыргызстандагы шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн Стратегиясынын долбоору талкууланат.

Биринчи маселе боюнча Улуттук кеңештин Катчылыгынын доклады угулат. Экинчи маселе боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы маалымат берет.

Улуттук кенештин жыйынына мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик бутактарынын жетекчилери, бейөкмөт уюмдарынын жана бизнестин өкүлдөрү, ошондой эле эксперттер менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кеңири курамда катышат.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин учурдагы курамы:

  • Сооронбай Жээнбеков - президент, улуттук кеңештин төрагасы;
  • Дастанбек Жумабеков - Жогорку Кеңештин төрагасы;
  • Мухаммедкалый Абылгазиев - премьер-министр;
  • Айнаш Токбаева - Жогорку Соттун төрайымы;
  • Иса Өмүркулов - КСДП фракциясынын лидери;
  • Алмазбек Баатырбеков - "Кыргызстан" фракциясынын лидери;
  • Жыргалбек Турускулов - "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери;
  • Бакыт Төрөбаев - "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери;
  • Алтынбек Сулайманов - "Бир бол" фракциясынын лидери;
  • Дамир Сагынбаев - Коопсуздук кеңешинин катчысы;
  • Өткүрбек Жамшитов - Башкы прокурор;
  • Нуржан Шайлдабекова - Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы;
  • Толкунбек Абдыгулов - Улуттук банктын төрагасы;
  • Улукбек Марипов - Эсептөө палатасынын төрагасы;
  • Олег Панкратов - Экономика министри;
  • Адылбек Касымалиев - Каржы министри;
  • Нурсулуу Ахметова - президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы;
  • Азамат Дикамбаев - Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору;
  • Светлана Борцова - "ЭкоПартнер" консалтингдик юридикалык компаниясынын башкы директору;
  • Айнура Усупбекова - "Жарандык Платформа" коомдук фондунун директору;
  • Азиза Юлдашева - "Жер Азыгы" Кыргыз мамлекетинин агробизнесмендеринин ассоциациясынын аткаруучу директору;
  • Таалайбек Койчуманов - өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы;
  • Улук Кыдырбаев - Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы;
  • Надежда Добрецова - Өнүгүү саясаты институтунун башкармасынын төрагасы.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!