Улан Эгизбаевдин ата-энесине батир белекке берилди (фото)

Улан Эгизбаевдин ата-энесине батир белекке берилди (фото)
13-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 10:22

Маркум журналист Улан Эгизбаевдин үй-бүлөсүнө "KG групп" курулуш компаниясынын президенти Имамидин Ташов Көк-Жар конушунан эки бөлмөлүү батир белек кылды. Бул тууралуу Улан Эгизбаевдин досу Каниет Жыргалбеков кабарлады.

- Бүгүн Улан Эгизбаевдин ата-энесине, келинчегине "KG ГРУПП" курулуш компаниясынын президенти Имамидин Ташов жоолугуп, учурдагы абалынан кабар алды. Алгач Уланга куран окуп, андан соң эки жума мурда сөз берген батирдин ачкычын тапшырды. Бул батир Көк-Жар кичирайонунда жайгашкан. Толук бүткөндүктөн учурда элдер жашап жатат. Мен ыраазы болдум. Шаарга ата-энеси келсе, кенен эс алып турсун. Уландын ордун жоктотпойлу деп эки бөлмөлүү квартира берди. Эми бул квартиранын ачкычы ата энесинде. Тууганга тууган жардам бербей, бийлик ооз ачпай турган заманда Имамидин мырза Уландын эрдигин бааладым. Аллахым ыраазы болсун! Имамидин мырза уулуңуздардын ордуна биз уул бололу. Сиздер үчүн 24 саат телефонум ачык. Кандай кызмат болсо даярмын деди.

Коомчулукта резонанс жараткан иликтөөлөрдү жасаган курч журналист Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Көк-Жар айылында туулган.

Ал 2013-жылы Кыргыз-түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетин аяктаган. 2015-жылы БГУда саясат таануу багыты боюнча магистратураны бүтүргөн. Улан Эгизбаев болгону 28 жашта эле. Артында ата-энеси, кош бойлуу жубайы калды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!