Эгемендүүлүктү белгилөөгө 3,7 млн. сом сарпталат

Эгемендүүлүктү белгилөөгө 3,7 млн. сом сарпталат
13-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 10:47

Бишкекте эгемендиктин 27 жылдыгын белгилөөгө мэрия 3,7 миллион сом жумшайт. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

Айта кетсек, бул каражат майрамдык иш-чараларды уюштуруу жана чыгармачыл топ менен эстрада ырчыларын чакырууга жумшалат.

Жарыяланган маалыматта, сынакка катышуучуга өнөрпоздорду, ырчыларды камтыган майрамдык иш-чаранын сценарийин түзүү талабы бар. Мындан тышкары уюштуруучу майрамдык сахнаны жасалгалоо, фото-видеого тартуу иш чараларын да уюштурууга милдеттүү болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!