Жээнбеков: "Орусия менен мамилеге өзгөчө маани берилет"

Жээнбеков:
13-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 11:25

Бүгүн, 13-августта президент Сооронбай Жээнбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Улуттук кеңештин жыйынында Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү Орусия менен достук мамиленин өнүгүүсүнө өзгөчө маани берилерин билдирди.

Анын айтымында, коңшу өлкөлөр менен болгон мамилеге да чоң маани берилет.

"ЕАЭБ, ШКУга мүчө мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо - биздин стратегиялык максаттарыбыздын бири. Жакынкы кошунабыз болгон Кытай Эл Республикасы менен мамилебизди жакында эле стратегиялык деңгээлге көтөрдүк",- деди Жээнбеков..

Мындан тышкары, Түркия, АКШ, Корея, Япония жана Европа биримдигине кирген мамлекеттер менен болгон мамилеге маани берилерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, өтүп жаткан жыйында эки маселе каралат. 2018-2040-жылдары Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Стратегиясынын долбоору каралат. Ошондой эле 2018-2020-жылдары Кыргызстандагы шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн Стратегиясынын долбоору талкууланат.

Мамлекет башчы 7-августта Кыргызстанды Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамын өзгөртүү боюнча жарлыкка кол койгон. Жарлыкка ылайык, Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов улуттук кеңештин курамына кошулган. Калган курам өзгөрүүсүз калган.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин учурдагы курамы:

  • Сооронбай Жээнбеков - президент, улуттук кеңештин төрагасы;
  • Дастанбек Жумабеков - Жогорку Кеңештин төрагасы;
  • Мухаммедкалый Абылгазиев - премьер-министр;
  • Айнаш Токбаева - Жогорку Соттун төрайымы;
  • Иса Өмүркулов - КСДП фракциясынын лидери;
  • Алмазбек Баатырбеков - "Кыргызстан" фракциясынын лидери;
  • Жыргалбек Турускулов - "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери;
  • Бакыт Төрөбаев - "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери;
  • Алтынбек Сулайманов - "Бир бол" фракциясынын лидери;
  • Дамир Сагынбаев - Коопсуздук кеңешинин катчысы;
  • Өткүрбек Жамшитов - Башкы прокурор;
  • Нуржан Шайлдабекова - Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы;
  • Толкунбек Абдыгулов - Улуттук банктын төрагасы;
  • Улукбек Марипов - Эсептөө палатасынын төрагасы;
  • Олег Панкратов - Экономика министри;
  • Адылбек Касымалиев - Каржы министри;
  • Нурсулуу Ахметова - президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы;
  • Азамат Дикамбаев - Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору;
  • Светлана Борцова - "ЭкоПартнер" консалтингдик юридикалык компаниясынын башкы директору;
  • Айнура Усупбекова - "Жарандык Платформа" коомдук фондунун директору;
  • Азиза Юлдашева - "Жер Азыгы" Кыргыз мамлекетинин агробизнесмендеринин ассоциациясынын аткаруучу директору;
  • Таалайбек Койчуманов - өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы;
  • Улук Кыдырбаев - Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы;
  • Надежда Добрецова - Өнүгүү саясаты институтунун башкармасынын төрагасы.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!