Стратегия-2040 эмнени өнүктүрүүгө багытталат?

Стратегия-2040 эмнени өнүктүрүүгө багытталат?
13-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 12:46

Бүгүн, 13-августта президент Сооронбай Жээнбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Улуттук кеңештин жыйынында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча сунушталып жаткан стратегиянын мурдагы стратегиялардан айырмасы — бул стратегия биринчи кезекте адам потенциалын өнүктүрүүгө багытталган деп айтты.

Анын айтымында, бул максат мамлекеттик саясаттын борборунда болот.

"Бул максаттарда социалдык-экономикалык гана эмес, соттук, укуктук, демократиялык багыттардын да өзүгүшүнө өзгөчө көңүл бурулду. Эң жакынкы мезгилде аткарууга кирише турган негизги милдетибиз - сот реформасын ишке ашыруу. Соттук иштердин ачык-айкындыгын камсыз кылуу үчүн сот процесстерин заманбап технологиялар менен жабдыйбыз. Андан сырткары руханий баалуулуктарга, каада-салтыбызга аяр мамиле кылууга, улуттар аралык ынтымакты камсыз кылууга, маданиятыбызды, тилибизди өнүктүрүүгө артыкчылыктуу багыт берилди",- деди Жээнбеков

Ошондой эле “Түндүк” электрондук системасы жана “Таза коом” долбоорун ишке ашыруу азыркы бийликтин бардык бутактарынын актуалдуу милдети болуп эсептелинерин кошумчалады.

Эскерте кетсек, өтүп жаткан жыйында эки маселе каралат. 2018-2040-жылдары Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Стратегиясынын долбоору каралат. Ошондой эле 2018-2020-жылдары Кыргызстандагы шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн Стратегиясынын долбоору талкууланат.

Буга чейин 7-августта мамлекет башчы Кыргызстанды Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамын өзгөртүү боюнча жарлыкка кол койгон. Жарлыкка ылайык, Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов улуттук кеңештин курамына кошулган. Калган курам өзгөрүүсүз калган.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин учурдагы курамы:

  • Сооронбай Жээнбеков - президент, улуттук кеңештин төрагасы;
  • Дастанбек Жумабеков - Жогорку Кеңештин төрагасы;
  • Мухаммедкалый Абылгазиев - премьер-министр;
  • Айнаш Токбаева - Жогорку Соттун төрайымы;
  • Иса Өмүркулов - КСДП фракциясынын лидери;
  • Алмазбек Баатырбеков - "Кыргызстан" фракциясынын лидери;
  • Жыргалбек Турускулов - "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери;
  • Бакыт Төрөбаев - "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери;
  • Алтынбек Сулайманов - "Бир бол" фракциясынын лидери;
  • Дамир Сагынбаев - Коопсуздук кеңешинин катчысы;
  • Өткүрбек Жамшитов - Башкы прокурор;
  • Нуржан Шайлдабекова - Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы;
  • Толкунбек Абдыгулов - Улуттук банктын төрагасы;
  • Улукбек Марипов - Эсептөө палатасынын төрагасы;
  • Олег Панкратов - Экономика министри;
  • Адылбек Касымалиев - Каржы министри;
  • Нурсулуу Ахметова - президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы;
  • Азамат Дикамбаев - Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору;
  • Светлана Борцова - "ЭкоПартнер" консалтингдик юридикалык компаниясынын башкы директору;
  • Айнура Усупбекова - "Жарандык Платформа" коомдук фондунун директору;
  • Азиза Юлдашева - "Жер Азыгы" Кыргыз мамлекетинин агробизнесмендеринин ассоциациясынын аткаруучу директору;
  • Таалайбек Койчуманов - өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы;
  • Улук Кыдырбаев - Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы;
  • Надежда Добрецова - Өнүгүү саясаты институтунун башкармасынын төрагасы.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!