Өнүктүрүү стратегиясынын биринчи этабы өзүнчө каралат

Өнүктүрүү стратегиясынын биринчи этабы өзүнчө каралат
13-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 14:16

Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында бүгүн, 13-августта биринчи жолу Улуттук кеӊештин жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

2040-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясы жөнүндө айтып жатып, мамлекет башчысы Улуттук кеӊештин 2017-жылдын 15–ноябрындагы жыйынында бул маселе каралып, коомчулуктун талкуусуна коюлганын эске салды.

Андан бери стратегиянын долбоорун талкуулоо кеӊири форматта болду. Ага мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын, бизнестин өкүлдөрү, эксперттер, кесиптик бирикмелер, бардык кызыкдар жарандар катышты. Донордук кеңеш менен жолугушуулар болду, алар да өздөрүнүн сунуштарын беришти, парламенттин депутаттары активдүү катышышты.

«Абдан көп сунуштар жана сын-пикирлер келип түштү. Алардын баары теӊ каралып чыгып, мезгилдин талабына жооп берген пикирлер эске алынды», — деп белгиледи Мамлекет башчысы жана бул талкууга катышып, өз салымын кошкон бардык жарандарга ыраазычылык билдирди.

«Азыр келечек жөнүндө, өнүгүүнүн узак мөөнөттүү пландары тууралуу ойлонсок болот. Бул үчүн бардык зарыл шарттар бар. Учурдагы саясий, экономикалык жана социалдык кырдаал келечектин пландарын аныктап, аларды ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Эӊ негизгиси — келечекте биз кандай өлкөнү курушубуз керек деген суроого жалпы элибиз өз пикирин билдирди», — деп белгиледи Жээнбеков.

Ал коомчулуктун ой-пикири, социалдык заказы ушул документте чагылдырылып, Кыргызстан өзүнүн өнүгүү жолунда кайсы багыттарды артыкчылыктуу деп кабыл алаары ушул стратегияда аныкталганын белгиледи. Ошондуктан бул стратегия — Кыргызстандын 2040-жылга чейин өнүктүрүү саясатын аныктаган жалпы рамка катары каралууга тийиш.

«Каралып жаткан Стратегия комплекстүү мүнөзгө ээ, анда өлкөнүн турмушундагы бардык чөйрө чагылдырылган. Бийликтин бардык бутактарына тиешелүү милдеттерди камтыйт. Бул документ концептуалдык мүнөзгө ээ болот. Анын алкагында ар биринин өзгөчөлүгүн эске алган, бардык тармактардын жана региондордун өнүгүү программалары кабыл алынат. Бул багыттардын ар биринин программалары иштелип жатат. Ар кайсы багыттарды камтыган иш-аракеттерди чачыранды кылбай, баарын теӊ бир багытка буруп, бир максатка үндөп турган кеӊири масштабдагы документ катары — ушул Улуттук Стратегия кызмат кылат», — деп белгиледи Президент.

Ал жалпы максаттар, аткарылчу иштердин алкактык рамкасы коомдун баардык катмарын камтыган ушул жалпы Улуттук кеӊеште аныкталганы туура болорун жана ал Президенттин Жарлыгы менен бекитилерин белгиледи.

«Ошондо бардык мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын бир багытта, бир ыргакта иштөөсүнө шарт түзүлөт. Ушул документте аныкталган рамканын ичинде социалдык, экономикалык, сот-укуктук, саясий, башкаруу, шайлоо жана башка багыттарды өзүнчө караган программалар Жогорку Кеӊештин кароосуна коюлат, парламентте талкууланып, кабыл алынат. Ал эми региондордун өнүктүрүү программалары шаардык кеӊештердин депутаттарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын талкуусунан өтүшү зарыл», — деп белгиледи Жээнбеков.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Стратегия 2040-жылга чейинки мезгилде, этап этабы менен, ырааттуулук менен ишке ашырылат. Биринчи этап катары, 2023-жылга чейинки мезгил өзүнчө бөлүнүп каралат. Бул мезгилде аткарылчу максаттар, жасалчу иштер так аныкталды. Алдыдагы беш жыл ичинде ишке ашырылуучу долбоорлор, конкреттүү милдеттер белгиленди. Алардын аткаруу мезгили, каржы булактары, адам ресурстары жана мыйзамдык нормалары такталды.

«Ошондуктан ушул этапта — 2023-жылга чейин аткарылчу иштер өзүнчө бөлүнүп, такталып, силердин назарыӊыздарга сунушталып жатат», — деп айтты Президент.

«Биздин максат — өнүккөн өлкөнү, чыныгы көз карандысыз мамлекетти куруу. Бул максатка жөн эле жетүүгө болбойт. Стратегиялык максаттарыбыздын ишке ашуусуна саясий туруктуулуктун шартында гана жетише алабыз. Коомдун тынчтыгын, өлкөдө саясий стабилдүүлүктү сактоо — өнүгүүнүн фундаменти. Бийлик бутактарынын ортосундагы ырааттуу, бир багыттуу иш-аракеттерди камсыз кылуу — негизги милдет катары кабыл алынат. Бийликтин, бизнестин, жарандык коомдун ынтымак, биргелешкен аракеттери керек болот. Стратегиябызда бул иштерге артыкчылыктуу багыт катары көӊүл бурулат. Мен өлкөнүн Президенти катары бул үчүн бардык ыйгарым укугумду колдоном», — деп белгиледи Жээнбеков.

Эскерте кетсек, өтүп жаткан жыйында эки маселе каралат. 2018-2040-жылдары Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Стратегиясынын долбоору каралат. Ошондой эле 2018-2020-жылдары Кыргызстандагы шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн Стратегиясынын долбоору талкууланат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!