Шакированын өлүмү: айдоочу абакта эмес эркиндикте

Шакированын өлүмү: айдоочу абакта эмес эркиндикте
13-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 16:23

Эсиңиздерде болсо "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова 2-июнга караган түнү жол кырсыктан көз жумган эле. Каргашалуу кырсык Ысык-Көл облусуна караштуу Чок-Тал аймагында болуп, унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдун четиндеги мүрзөнүн дубалын сүзгөн.Кийинчерээк айдоочу Чынгыз Кондурбаев унааны мас абалында башкаргандыгы соттук медициналык экспертиза тарабынан далилденет. Райондук сот кылмышка шектүү Чыңгыз Кондурбаевди эки айга камакка алуу чеминин чыгарса, облустук сот үй камагына чыгарып салган. Судья шектүүнүн жашы жете элек үч баласына жана ден соолугуна байланыштырып үй камагына чыгарып салды”-, деп чечимге нааразы болгон Шакированын ата-энеси чындыкты көптөн бери издеп, бирок таппай жатканын маалымат жыйында билдирди:

“Өзүңүздөр билгендей, 2-июнда автокырсыктан кызым каза болгон. Эки ай мурун "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамын алган. Ысык-Көлгө жубайлыкка алам деген жигити менен барып, кайра кайтып келе жатканда каза тапкан. Бирок каза болгон убакта ошол жерден бала эч кимге айтпастан качып кетиптир. Жанында жүргүнчү да болгон. Ал кишини да өлдү деп ойлогон экен. Качып кетип шаардагы №-4 ооруканага жатып, ал жерден дагы авария кылып качып келдим деп айтпаптыр. Ошондо өзүнө убакыт утуп алган да, мас абалын кетирейин деген. Бирок, 14 сааттан кийинки соттук медициналык экспертиза 2,5 пайыз алкоголь көрсөткөн”, - деди апасы Насипа Мамбеталиева.

Ал эми жабыркаган тараптын жактоочусу Рустам Абдурауфов шектүү жаран 2016-жылы эле айдоочулук күбөлүгүнөн ажыраганын айтты:

- Иштин материалдары менен таанышып чыкканда көптөгөн суроолор пайда болду. Чынгыз Кондурбаев өзүнүн көрсөтмөсүн беш жолу өзгөрткөн. Ал алгач ичпегендигин, кийин жараатын дарылоого таксинин айдоочусунан сураганын, таксист болсо зордоп ичирип салганын айткан. Кырсык болгон жердеги күбөлөр айдоочудан спирт ичимдиги жыттанганын айтышты. Аталган жарандын канынын курамында спирт ичимдиги бар экендигин экспертиза да тастыктаган.

Жактоочунун маалыматына таянсак, Чынгыз Кондурбаев 2016-жылы айдоочулук күбөлүгүнөн ажырап, ошол эле жылы “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Бирок эки тарап келишип алгандыгына байланыштуу иш токтотулуп сотко өткөн эмес. Эмнегедир бул кылмыш ишин сот эске алган эмес.

Маркумдун ата-энеси 15-августта Ысык-Көл районунда боло турчу соттук отурум акыйкат болот деген үмүттө. Шаикованын апасы президент Сооронбай Жээнбековго дагы кат түрүндө кайрылган. Азырынча жооп келе элек дейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!