14-август: күн ачык болот

14-август: күн ачык болот
13-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 17:26

14-августта өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32,

Талас жергесинде түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34,

Баткен өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25,

Нарын дубанында түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +30…+382градус ысык болот.

Ал эми 15-16-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 16-августта күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 мертден, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР