Токтогулда 20 гектар куураган чөп күйдү (фото)

Токтогулда 20 гектар  куураган чөп күйдү (фото)
14-Авг. 2018, Шейшемби, 11:01

13-август күнү саат 14:55 чамасында Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын Чүйдү-Колот тилкесиндеги ачык аянтта 20 гектар куураган чөп күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин басма сөз кызматы кабарлады.

Тилсиз жоону өчүрүүгө өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, саат 16:06да толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Маалымат катары айта кетсек, өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталган. Чүй облусунда – 4, Ош облусунда – 3, Жалал-Абад, Талас облустарында жана Бишкек шаарында бирден өрт кырсыктары катталган.

13-августта Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылында ачык аянтта 5 га куураган чөп күйүп кеткен.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!