Экологиялык таза продукцияларга улуттук бренд иштелип чыгат

Экологиялык таза продукцияларга улуттук бренд иштелип чыгат
14-Авг. 2018, Шейшемби, 11:13

Экологиялык жактан таза продукцияларга улуттук бренддердин стандартын иштеп чыгуу сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин 7-жыйынында өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүү үчүн экспортко багытталган ишканаларды колдоо, ошондой эле экологиялык жактан таза продукцияларга “кыргыз эти” “кыргыз сүтү”, “кыргыз алмасы”, “кыргыз балы”, “кыргыз жаңгагы” сыяктуу улуттук бренддердин ЕЭАБ талаптарына жана ИСО, ХАССП стандарттарына дал келген стандартын иштеп чыгуу зарыл экенин айткан.

Өкмөт башчы белгилегендей, чет жактарда элчиликтер үчүн экспорттун үлүшү, инвестициялардын тартылышы, туристтерди алып келүүсү сыяктуу критерийлерди киргизүү оң натыйжа берет.

Ошону менен бирге ал баса көрсөткөндөй, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ведомстволор аралык “Түндүк” электрондук системасы толук кандуу ишке киргизилет, мында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө адамдык факторлор жокко чыгарылып, коррупциялык тобокелдиктерди жоюлат.

«Жарандар менен мамлекеттик кызматчылардын ортосунда коррупцияга жол берүүчү көрүнүштөрдү жокко чыгаруу керек. Жарандарда толук ишеним жараткан башкаруу системасы киргизилиши зарыл. Бул мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү санариптик платформага толук өткөрүү менен иш жүзүнө ашырылат», – деди Абылгазиев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!