УКМК жемкорлордон жалпы 141 млн сом өндүрдү

УКМК жемкорлордон жалпы 141 млн сом өндүрдү
14-Авг. 2018, Шейшемби, 11:24

14-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бирдиктүү депозиттик эсепке 2,15 млн. сом өлчөмүндөгү акча каражат которду.

Коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы депозиттик эсептин ачылганынан бери 141, 604 млн. сомду түзгөнүн мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө түшкөн акчалай каражаттарды топтоо үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!