Суракматов мэрлик кызматка расмий киришти

Суракматов мэрлик кызматка расмий киришти
14-Авг. 2018, Шейшемби, 11:54

Бүгүн, 1-августта Бишкек шаарынын мэри болуп шайланган Азиз Суракматовду мэриянын эмгек жамаатына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды.


Эскерте кетсек, 8-августта Бишкек шаарынын мэрлик кызматына Азиз Суракматов шайланган. Кезексиз жыйынга чогулган шаардык кеңештеги 44 депутаттын 43ү Суракматовдун талапкерлигин колдосо, бир гана депутат каршы добуш берген

47 жаштагы Азиз Суракматовдун инженер-куруучу жана юрист адистиги боюнча билими бар. Ал “БишкекБашкыАрхитектурада” инженердик кызматтан баштап, 2008-2010-жылдары Бишкек шаардык кеңештин төрагасы, ал эми 2015-жылдан тарта Жогорку Кеңешке “Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!