1-сентябрда коомдук транспорт окуучуларды акысыз ташыйт

1-сентябрда коомдук транспорт окуучуларды акысыз ташыйт
14-Авг. 2018, Шейшемби, 13:14

1-сентябрда коомдук транспорт мектеп окуучуларын акысыз ташыйт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) кабарлады.

Мындай макулдашуу балдардын жол-транспорт кырсыктарынан алдын алууга өзгөчө көңүл бурулуп, ЖКККББ жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча фирмалардын жетекчилери менен жолдордо коопсуздукту камсыздоо темасында жолугушуу учурунда ишке ашырылган.

Жолугушуу учурунда тараптар 1-сентябрь-Билим күнүндө республика боюнча 1-11-класстардын окуучуларын коомдук транспортто (автобустар, троллейбустар, кичи автобустар) акысыз ташуу тууралуу макулдашылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!