15-август: жаан-чачын күтүлбөйт

15-август: жаан-чачын күтүлбөйт
14-Авг. 2018, Шейшемби, 14:36

15-августта өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Кыргызгидромет кызматынан кабарлашты.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35;

Талас аймагында түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +31…+36;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн : +10…+15, күндүз +24…+29;

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +32…+34 градуска жетет.

Ал эми 16-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 14 метрге жетиши күтүлөт. 17-августта тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо жаан, кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР