Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстанга барат

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстанга барат
14-Авг. 2018, Шейшемби, 16:49

Президент Сооронбай Жээнбековдун келе жаткан жумада Түркмөнстанга мамлекеттик иш сапары пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы аталган өлкөгө Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун чакыруусу менен барат.

Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков сыйлуу конок катары Аралды куткаруу Эл аралык фондун негиздөөчү-Мамлекет башчыларынын Саммитине катышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!