Гербдин автору каза тапты

Гербдин автору каза тапты
14-Авг. 2018, Шейшемби, 17:26

Кыргыз Республикасынын гербинин авторлорунун бири, сүрөтчү Асеин Абдраев кечээ 13-августта узак оорудан улам 70 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Сүрөтчү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер - Асейин Абдраев 1948-жылы Нарын районуна караштуу Кара-Чий айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 1969-жылы Бишкек сүрөтчүлөр окуу жайын, 1980-жылы Алматыдагы Абай атындагы университетин бүтүргөн.
1969-жылдан тартып Нарын облустук драма театрында башкы сүрөтчү, Нарын райондук Ж. Шералиев атындагы балдар көркөм өнөр мектебинде мугалим, директор кызматын аркалаган.

Маркумду акыркы сапарга узатуу аземи 16-августта Нарын шаарында өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!