Айтылуу Мomo оюну Кыргызстанга жеттиби?

Айтылуу Мomo оюну Кыргызстанга жеттиби?
15-Авг. 2018, Шаршемби, 10:34

Өспүрүм балдарга коркунучтуу Momo оюну WhatsApp мессенджери аркылуу тарап жаткандыгына байланыштуу Ички иштер министрлиги профилактикалык иштерди жүргүзүп жатканын кабарлады.

Коңшу өлкөлөрдүн укук коргоо органдары жана жалпыга маалымдоо каражаттары Momo оюну жайылып бараткандыгына байланыштуу эскертүүлөрдү берген. Бул айтылуу “Көк кит” оюнунун аналогу катары аталууда.

Оюн тууралуу айта турган болсок, өзүн “куратор” деп эсептегендер WhatsApp мессенджери аркылуу интернет колдонуучуларга коркунучтуу үндөрдү, сүрөттөрдү жиберип, андан соң ар кандай тапшырмаларды аткарууга мажбурлашат. Ошондой эле коркунучтуу каттарды жибериши мүмкүн. Момонун аватаркасынан желмогузга окшош аялдын сүрөтүн көрүүгө болот.

Ии баса, Momo “Vanilla Gallery” аттуу көркөм галереясында коюлган Мидори Хаяси деген япониялык сүрөтчүгө таандык скульптура.

Кыргызстанда да өспүрүмдөрдүн психикасына зыян келтире турган Мomo оюну жайылып кетпеш үчүн Ички иштер министрлиги ата-энелерди өз балдарын көзөмөлдөп, эгер WhatsАpp мессенджеринде Momo пайда болсо, дароо блоктоп салууну эскертет. Кайдыгер болбоңуздар!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!