Алып баруучу Салтанат Саматова каза тапты

Алып баруучу Салтанат Саматова каза тапты
15-Авг. 2018, Шаршемби, 10:45

Белгилүү алып баруучу, коомдук ишмер Салтанат Саматова узакка созулган оорудан кийин 46 жашында дүйнө салды.

Салтанат Саматова 1972-жылы 1-мартта Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек- ред.) туулган. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектебин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музыка факультетин бүтүргөн. Алгач Кыргыз улуттук радиосунда, кийин “Европа плюс» радиосунда иштеп, КТРКда “Акыл ордо” интеллектуалдык ток-шоусун алып барган. Соңку бир жылда рак оорусу күчөп, дарыланып жаткан.

Маркумдун артында бир уул, бир кызы калды

Маркум менен коштошуу зыйнаты 16-августта саат 10:00дө болот. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлары айтылды.

"ZAMAN Кыргызстан" маалымат агенттиги маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!