Президент Жалал-Абадга иш сапары менен барат

Президент Жалал-Абадга иш сапары менен барат
15-Авг. 2018, Шаршемби, 10:47

Бүгүн, 15-августта президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Ош жана Жалал-Абад облустарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

Иш сапардын алкагында социалдык, өндүрүш жана айыл чарба объектилерине баруу пландалууда. Ошондой эле жергиликтүү жашоочулар менен жолугат.

Айта кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков кызматына киришкенден бери Нарын, Баткен, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарында иш сапар менен болгон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!