Тамерлан Ибраимов жетектеген жумушчу топ түзүлдү

Тамерлан Ибраимов жетектеген жумушчу топ түзүлдү
15-Авг. 2018, Шаршемби, 10:56

Жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында эксперттик жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта президенттик аппараттан билдиришти.

Эксперттик топту саясий-укуктук иликтөөлөр борборунун директору Тамерлан Ибраимов жетектей турган болду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирет.

Жумушчу топтун курамына Коопсуздук кеңешинин катчысы, өкмөт аппаратынын, Ички иштер министрлигинин профилдик бөлүмүнүн, жарандык сектордун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер кирди.

Эксперттик жумушчу топ жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча түзүлгөн кырдаалды иликтеп, ички иштер органдарынын тиешелүү кызматтарын жана бөлүмдөрүн реформалоодо башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын карап сунуштарды даярдайт жана аны президенттин кароосуна киргизет.

Эске салсак, 19-июлда президент Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн жарандык коому менен болгон жолугушуусунда саясий-укуктук иликтөөлөр борборунун директору Тамерлан Ибраимов жол кыймылынын коопсуздугун реформалоо маселелерин көтөргөн. Анда президент бул маселе боюнча жумушчу топту түзүү максатында ага аналитикалык маалымат киргизүүнү сунуштаган.

Андан кийин 10-августта мамлекет башчысы менен жолугушууда маселе дыкат талкууланып, натыйжада Тамерлан Ибраимов жетектеген эксперттик жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынган.

Төмөндө эксперттик жумушчу топтун курамы:

Эксперттик жумушчу топтун курамы:

Ибраимов Тамерлан

Рыспекович

«Саясий-укуктук изилдөөлөр борбору» коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы, эксперттик жумушчу топтун жетекчиси;

Сагынбаев Дамир

Казакович

Коопсуздук кеңештин катчысы, эксперттик жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;

эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү:

Араев Азамат

Муратович

Өкмөт Аппаратынын укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;

Орозалиев Алмаз

Кыдырмаевич

Ички иштер министринин орун басары;

Джумагазиев Канат

Сагынович

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын начальниги;

Шайхутдинов Тимур

Фаридович

«Реформалар жана натыйжа үчүн»
жарандык союзунун координатору (макулдашуу боюнча);

Осмонов Жолдошбек Келдибекович

мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт (макулдашуу боюнча);

Акенеев Азамат Жумакадырович

көз карандысыз эксперт
(макулдашуу боюнча).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!