Кочкор: кырсыктан эки адам мерт кетти (фото)

Кочкор: кырсыктан эки адам мерт кетти (фото)
15-Авг. 2018, Шаршемби, 11:51

Нарын облусунун Кочкор районунда бүгүн, 15-августта 3 унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен эки эркек киши каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, “Ауди” үлгүсүндөгү автоунаа комбайнды сүзгөн. Окуя болгон жердин жанынан өтүп бараткан “Фольксваген пассат” унаасынын айдоочусу токтоп, кырсыкка кабылган жарандарга жардам көрсөтө баштаган. Ошол учурда “Мерседес-бенц” үлгүсүндөгү минивэн жардам көрсөтүп жаткан адамдардын бирин сүзүп алган. Тилекке каршы, жардам көрсөтүп жаткан адам менен “Ауди” унаасынын жургүнчүсү кырсык болгон жерден каза болгон.


Андан сырткары кырсыктан жабыркаган эки адам Кочкордогу ооруканага жеткирилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!