Президент Кувейт Мамлекетинин Эмирине көңүл айтты

Президент Кувейт Мамлекетинин Эмирине көңүл айтты
15-Авг. 2018, Шаршемби, 12:06

Президент Сооронбай Жээнбеков Кувейт Мамлекетинин Эмири Шейх Фарих Аль-Ахмад Аль Джабер Ас-Сабахка карындашы Шейха Фариха Аль-Ахмад Аль Джабер Ас-Сабахтын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта президенттик аппараттан кабарлашты.

«Сиздин карындашыңыз Шейха Фариха Аль-Ахмад Аль Джабер Ас-Сабахтын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык.

Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана Сиздин жакындарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтам. Сизге чыдамдуулук жана сабырдуулук каалайм», - деп белгиленет мамлекет башчысынын телеграммасында.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!