Тажик чек арачылары жазага тартылды (видео)

Тажик чек арачылары жазага тартылды (видео)
15-Авг. 2018, Шаршемби, 13:43

Социалдык түйүндөрдө тараган Кыргызстандын аскер кызматкерлерин кармаган учурду чагылдырган видеодогу окуя 2018-жылдын 20-июлунда болуп өткөн. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, тажик чек арачылары Тажикистан Республикасынын «Ворух» анклавы аркылуу өтүүчү Кишемиш-Аксай транзиттик жолунан өтүп бара жаткан Кыргыз Мамлекеттик чек ара кызматынын эки аскер кызматкерин жана Кыргыз Республикасынын эки жаранын мыйзамсыз кармашкан, тактап айтканда, аскер кызматкерлери Тажикистандын территориясы аркылуу өтүп бара жатышкан. Кармоо учурунда тажик чек арачылары өздөрүн агрессивдүү алып барышып, Кыргызстандын чек арачыларынын биринин денесине жаракат келтиришкен. Белгилей кетүүчү нерсе, эки тараптуу келишимге ылайык кыргыз аскер кызматкерлери транзиттик жол менен куралсыз бара жатышкан.

Ошондой болгон күндө, тажик тарап буга чейин жетишилген эки тараптуу келишимди жана эки өлкөнүн аскер кызматкерлеринин аныкталган багыт боюнча жолтоосуз жүрүү жөнүндөгү сүйлөшүүлөрдү бузган.

Ошол эле күнү, 2018-жылдын 20-июнунда, Кыргыз Республикасынын Баткен облусу боюнча жана Тажикистандын Согдий багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү жүргүзүлүп, кыргыз тарап Тажикистандын чек арачыларынын мыйзамсыз аракеттерин билдиришкен. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кармалган чек арачылар жана Кыргыз Республикасынын жарандары кыргыз тарапка кайтарылып берилген. Жолугушуу учурунда чек ара өкүлү тажик аскер кызматкерлеринин аракеттери үчүн кечирип сурап, кийинчерээк Кыргызстандын чек арачыларына каршы мыйзамсыз аракеттерге жол берген Тажикстандын аскер кызматкерлери жоопкерчиликке тартылышканын маалымдаган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!